Обращение Джонатана Бекера к сообществу АУЦА
24&Բ;марта&Բ;2023
В последние дни в социальных сетях и в сообществе АУЦА было распространено несколько заявлений и жалоб, касающихся предполагаемых случаев харассмента и злоупотребления властью со стороны отдельных преподавателей АУЦА. Позвольте мне четко и публично заявить, что АУЦА недвусмысленно запрещает дискриминацию, харассмент и/или связанные с ними преследования, притеснения во всех аспектах своих образовательных программ и деятельности. АУЦА привержен образованию, ориентированному на учащихся, и тому, чтобы предоставлять студентам полезный, значимый и высококачественный опыт обучения. Мы очень серьезно относимся к недавним жалобам. В университете существуют процедуры и механизмы на институциональном уровне для обеспечения безопасной среды для наших студентов, преподавателей и персонала.
Вице-президент по академическим вопросам и декан по делам студентов провели встречу со студентами, которые выразили обеспокоенность, и попросили их подать официальные жалобы в соответствии с политикой АУЦА по защите от харассмента (2019). Подача жалобы запускает независимое и объективное расследование по каждой жалобе и помогает обеспечить своевременный и прозрачный процесс для решения проблем. Цель нашей политики по защите от харассмента - способствовать созданию благоприятной учебной среды и обеспечить основу для поддержки студентов, преподавателей и сотрудников, которые считают, что подверглись харассменту. Более того, с начала этого учебного года все студенты, преподаватели и персонал обязаны пройти тренинг по защите от харассмента, разработанный Департаментом психологии АУЦА в сотрудничестве с профессорами из колледжа Бард (США), чтобы информировать сообщество о таких деликатных вопросах.
АУЦА привержен принципам свободного исследования и самовыражения и поощряет открытые дискуссии и критическое исследование как часть нашей образовательной миссии. Мы постоянно работаем над улучшением нашей политики и практики для обеспечения безопасной окружающей среды и всегда приветствуем вклад нашего сообщества. Мы признательны студентам за то, что они выразили свою обеспокоенность и организовали мирную демонстрацию в поддержку академической свободы, свободы от харассмента и развития, ориентированного на студентов. Это отражает замечательный дух АУЦА, который делает этот университет таким особенным местом для всех нас.
Я призываю всех членов сообщества воспользоваться ресурсами АУЦА, если они считают, что столкнулись с харассментом, обратиться к декану по делам студентов и к другим сотрудникам администрации и, при необходимости, следовать институциональным процедурам для защиты всех вовлеченных. Все заявители получают защиту в соответствии с университетскими процедурами, предусмотренными политикой по защите от харассмента, и мы не допускаем притеснений, когда вопросы поднимаются добросовестно. Доверие и коммуникация жизненно важны в образовательной среде. Я знаю, что вы разделяете мое стремление работать вместе, чтобы сделать АУЦА инклюзивной средой, в которой все мы сможем процветать.
Искренне ваш,
Джонатан Беккер
Президент АУЦА
***
Джонатан Бекердин БААУнун коомчулугуна кайрылуусу
Соңку мезгилде социалдык түйүндөрдө жана БААУнун коомчулугунда окуу жайдын айрым окутуучулары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана куугунтуктоого байланышкан билдирүүлөр менен даттануулар жайылып жатат. Андыктан бул боюнча өз ой-пикиримди билдирип коюуну чечтим. БААУ өзүнүн билим берүү программалары менен ишмердүүлүгүндө дискриминация, куугунтуктоо жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга таптакыр тыюу саларын ачык жар салам. БААУ студенттерге багытталган билим берүүнү колдоого жана аларга пайдалуу, маанилүү жана жогорку тажрыйбалуу окутууну тартуулоого умтулат. Университетте биздин студенттер, окутуучулар жана кызматкерлерге коопсуз чөйрөнү камсыздап берүүчү институционалдык деңгээлде жол-жоболор менен механизмдер бар.
Академиялык маселелер боюнча вице-президент жана Студенттердин иштери боюнча декан студенттер менен жолугушуп сүйлөшүштү. Студенттер жаралган абалдан тынчсызданып жатканын билдиришип, БААУнун куугунтуктоолор менен күрөшүү саясатына (2019) ылайык, расмий түрдө даттанууну өтүнүштү. Мындай даттануу көз карандысыз жана объективдүү териштирүү процессин ишке киргизип, көйгөйлөрдү өз учурунда чечүү үчүн анын таза жана так өтүүсүн камсыздайт. Куугунтуктоолор менен күрөшүү боюнча биздин саясаттын максаты – куугунтуктоолорго кабылдык деп эсептеген студенттер, окутуучулар жана кызматкерлерге колдоо негиздерин жана жагымдуу окутуу чөйрөсүн түзүп берүүгө көмөктөшүү. Анын үстүнө окуу жылы башталгандан бери студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер куугунтуктоолор менен күрөшүү боюнча тренингден өтүүгө милдеттүү. Тренинг БААУнун коомчулугун ушул сыяктуу маселелерде эскертип туруу үчүн Психология департаменти тарабынан Бард колледждин (АКШ) профессорлору менен кызматташтыкта иштелип чыккан.
БААУ эркин изилдөө жана өзүн көрсөтүү принциптерин карманат жана биздин билим берүү миссиябыздын бир бөлүгү болгон ачык талкуулар менен сын көз-карашта изилдөөнү ар тараптан колдоп-кубаттайт. Биз коопсуз курчап турган айлана-чөйрөнү камсыздоо үчүн саясатыбыз менен тажрыйбаларыбызды жакшыртуунун үстүндө такай иштеп келебиз жана коомчулугубуздун ага кошкон салымдарын баалайбыз. Биз студенттерибизге академиялык эркиндикти жана өнүгүүнү колдоп, кысымдарга каршы чыгып, тынчсыздануу менен тынчтык демонстрациясын уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул да болсо БААУнун укмуштуудай духун чагылдырып турат. Дал ошол БААУнуни духу университетти баарыбыз үчүн өзгөчө жайга айлантканы эч кимге сыр эмес.
Мен коомчулугубуздун бардык мүчөлөрүнө кайрылып кетмекчимин. Эгер сиздер куугунтуктоолорго кабылдык деп эсептесеңиздер, анда БААУнун ресурстарын пайдаланып, Студенттердин иштери боюнча деканга же болбосо башка көмөктөшүүчү кызматкерге кайрылыңыздар. Өзүңүздөрдү коргоо үчүн институционалдык жол-жоболор боюнча иш тутууга толук укугуңуздар бар. Арыз менен кайрылгандардын баары куугунтуктоолорго каршы күрөшүү боюнча саясатта каралган университеттик жол-жоболордун негизинде коргоого алынат. Биз маселелер ак ниеттүүлүк менен көтөрүлгөн учурларда репрессияларга жол бербейбиз. Билим берүү чөйрөсүндө ишеним менен байланыш абдан маанилүү. Менин БААУну баарыбыз өнүгө ала турган инклюзивдүү чөйрөгө айлантуу үчүн талыкпас эмгектенүүгө умтулуумду сиздер тең бөлүшүп, колдоого аласыздар деп ишенем.
Урматтоо менен,
БААУнун Президенти
Джонатан Бекер
<< вернуться к списку новостей