Искусство, гуманитардык илимдер жана коммуникация бөлүмү
Эл. почта: [javascript protected email address]
Телефон: +996 (312) 915000 доб. 434
Кабинет: 315
Доктор Насритдинов Эмиль Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Эркин өнөр жана илимдер” факультетинин доценти. Ал Мельбурн университетинде (2007, Австралия) шаар куруу боюнча докторлук даражасын жактап, Чикагодогу Иллинойс университетинен (2002, АКШ) архитектура адистиги (ландшафттык урбанизм) боюнча магистратура, Маноадагы Гавайи университетинен шаардык жана аймактык пландоо адистиги боюнча магистратура (2001, АКШ) жана Кыргыз архитектура жана курулуш институтунун архитектура (шаар дизайн) адистиги боюнча жогорку билим даражаларына ээ (1997, Кыргызстан).
Эмил БААУдагы эмгек жолун 2007-жылы “Антропология” факультетинин доцентинин милдетин аткаруучу болуп иштөө менен баштаган. Ал Кыргызстандагы социалдык инновациялар лабораториясынын директору жана тең негиздөөчүсү, БААУнун Кетмен аталышындагы Борбор Азиянын үнүн чагылдырган эл аралык журналынын башкы редактору жана тең негиздөөчүсү болуп саналат. Кошумчалай кетсек, ал БААУнун Борбордук Азияны изилдөө институтунда (CASI) жана Тянь- Шань таануу саясат борборунда (TSPC) илимий кызматкер болуп иштейт.
Эмил Маноадагы Гавайи университетинин Чыгыш-Батыш борборунун бүтүрүүчүсү. Ал Джордж Вашингтон университетинин Фулбрайт стипендиаты (2019), Ачык коом институтунун академиялык стипендия программасынын (2013) чакырылган стипендиаты жана бир нече абройлуу эл аралык стипендиялардын ээси.
Урбанизм:
Миграция жана мобилдүүлүк:
Дин: