Борбордук Азиядагы алдыңкы окуу жайлардын бири катарында БААУ АКШда, Европада жана Азияда жайгашкан бир катар престиждүү университеттер менен кызматташтыкты сактайт. Мындай кызматташтык 山ǿ студенттерине жаңы маданиятка аралашууга, жаңы тил үйрөнүүгө жана башка университеттерде студенттик турмушту тажрыйбалай алууга мүмкүнчүлүк берет.
Бард колледжи менен өнөктөштүгүбүз ар бир семестрде алты студенттин АКШга барып окуусуна шарт түзөт. Мындан тышкары, БААУнун студенттери дүйнө жүзү боюнча өнөктөш университеттерде үзгүлтүксүз билим алышат.
Кабыл алуу:
Академиялык жетишкендиктери жогору болгон экинчи жана үчүнчү курстун студенттери чет өлкөдө окуу программасына катышууга укуктуу. Ар бир семестрде БААУ студенттерди алмашуу программасына катышууга көрсөтөт. Кызыкдар студенттер номинацияга каралышы үчүн Эл аралык студенттер кеңсесине төмөнкү документтерди тапшыруусу керек:
- Максаттары тууралуу билдирүү
- Резюме
- Эки окутуучудан сунуш кат (онлайн түрдө)
- Транскрипт
- Окуу планы
Тапшырылган арыздар каралып бүткөндөн кийин, тандалган студенттер ар бир семестрге белгилүү бир алмашуу программасына көрсөтүлөт. Кээ бир алмашуу программалары ар бир семестрде же жыл сайын бир гана студентти тандашат.
Толук убакытта окуган бардык бакалавр студенттери алмашуу программасына катышууга арыз берүүгө укуктуу, эгерде:
Кээ бир БААУнун өнөктөш окуу жайлары жогорку орточо бааны (GPA) талап кылышы мүмкүн. Катышуу укугу ар бир өнөктөш окуу жайдын белгилеген минималдуу орточо баа талаптарына жараша болот. Студенттер алмашуу программасын координациялоочу тиешелүү БААУ кеңсесинен өзгөчө программага болгон минималдуу орточо баа талаптарын текшериши керек.
Толук саясатты караңыз.
Окуу акысы жана төлөмдөр:
Алмашуу программасына катышып жатканда студент өзүнүн окуу жайындагы (БААУдагы) окуу акысын төлөөгө милдеттүү. Студент башка чыгымдар үчүн жооп берет, мисалы: жатакана жана тамак-аш, камсыздандыруу, виза жана жол кире чыгымдары ж.б.
Кредиттерди өткөрүү:
Адатта, чет өлкөдө алынган кредиттер «Жалпы кредиттер» же «Тандалма сабактар» катары өткөрүлөт. Кредиттерди өз адистигиңизге кошуу үчүн адегенде академиялык кеңешчиңиз жана бөлүм башчыңыз менен кеңешүүңүз керек. БААУ сиздин кредиттериңизди "C" же андан жогору баа алганыңызда гана карайт. Чет өлкөдө окуган бааларыңыз БААУдагы орточо баага кошулбайт.