山ǿ

БААрыңыздарлы Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамга карата жарманкеге & БААУнун ДАРМАРКАСЫНА катышууга чакырабыз!

БААрыңыздарлы Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамга карата жарманкеге & БААУнун ДАРМАРКАСЫНА катышууга чакырабыз!

5&Բ;декабря&Բ;2024

#greeenauca#CCE

БААУ Бишкекте Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамга карата жарманкелердин сериясын баштайт. Бизде алардын эң алгачкысы 6-декабрда өтүп, анда жергиликтүү экоөндүрүүчүлөрдүн хэн-мейд-буюмдары, желе турган жана желбес азыктары тартууланат. Жакындарыңызга Иса пайгамбардын туулган күнүжана Жаңы жылга карата эксклюзивдүү жана креативдүү буюмдарды белек катары сатып алыңыз!

Ошондой эле сиз буюмдарыңызды (кийим-кече, бут кийим, кооздуктар, аксессуарлар, кеңсе товарлары, гаджеттер жана башкалар) дармаркада алмашуу үчүн алып келсеңиз болот. Эске сала кетсек, бардык буюмдар таза жана жакшы абалда болуусу кажет. Ал эми гаджеттер иштеген абалды болууга тийиш.

ДАТАСЫ: 6-декабрь

УБАКТЫСЫ: 12:00 - 16:00

ӨТҮҮЧҮ ЖАЙЫ: Форум, БААУ

Иш-чаранын программасында:

  • Буюмдар жана китептер менен алмашуу
  • Жергиликтүү экоөндүрүүчүлөрүнүн жарманкеси
  • Эксклюзив – жергиликтүү чеберлердин кол эмгектеринин буюмдары!

12:10дон 12:45ке чейин жарманкенин катышуучуларынан викторина уюштурулуп, БАЙГЕЛЕР ойнотулат!

Биздин жарманкенин катышуучулары, өнөктөштөр жана иш-чаранын достору:

@Confetto.kg – табигый азыктардан жасалган жергиликтүү рахат-лукум

@aruunaz_art – этностилде кийим-кечелер

@olya_rose_soap – кол менен жасалган самындар, белек топтомдор, шам - набат

@uz_art.kg – шырдак, сүрөттөр, кийизден жасалган кийимдер

@amina_flo – китептер үчүн табигый өсүмдүктөрдөн жасалган сүрөттөр/чөп каттар

@pavlakg – кол тамга, баштыктар, костерлер, блокноттор, адабий стакан салгычтар

@svetlana.bereza – кийиз, жибек, жүндөн, табигый өсүмдүктөрдөн, полимердик ылайдан жасалган автордук зер буюмдар жана оюнчуктар

Soapgive – кол менен жасалган самын жана шамдар

Solonka – ванна үчүн туздар, кол менен жасалган билериктер

Жомок устаканасы – киндер-кутулар, токулган оюнчуктар жана сувенирлер, зер буюмдар

Иш-чара БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору @auca_cce тарабынан “Жашыл БААУ” программасынын алкагында ыктыярчылык Жашыл студенттик клуб @auca_green_club менен биргеликте уюштурулууда.

БААРЫ ҮЧҮН КИРҮҮ АКЫСЫЗ.

Жакындарыңызды, кесиптештериңизди жана досторуңузду чакырыңыз! БААУда жума күнү жолугушканча!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028