10&Բ;октября&Բ;2024
БААРЫҢЫЗДАРДЫ Makerspace & 山ǿ Green Fest күзгү үй-бүлөлүк экофестивалга жана БААУнун Мейкерспейсине Ачык эшиктер күнүнө чакырабыз!
ДАТАСЫ: 26.10.2024
УБАКТЫСЫ: 10:00 - 16:00
ӨТҮҮЧҮ ЖАЙЫ: Мейкерспейстин имараты (БААУнун кампусунун маңдайында)
Кирүү АКЫСЫЗ
Бул жерде чоңдор да, балдар да өзүлөрү үчүн кызыктуу жана пайдалуу нерселерди таба алышат: 3 өлкөдөн келген спикерлерди угушат, ар кандай мастер-класстарда буюмдарды жасап көрүшөт, Кыргызстанда өндүрүлгөн пайдалуу жана даамдуу экоазыктардан даам сызышат, буюмдарды жана китептерди алмаштыра алышат, акылды өстүрүүчү стол үстүндөгү оюндарды ойной алышат жана жада калса сынактарга катышып, байгелерди ута алышат!
Иш-чаранын уюштуруучулары: Жарандык активдүүлүк борбору “Жашыл БААУ” программасынын алкагында жана БААУнун мейкерспейси
Иш-чаранын программасы:
10:00 - 10:30 - Каттоо
10:30 - 10:40 - мейкерспейстин бет ачары
10:40 - 10:45 - Жарандык активдүүлүк борборунан кириш сөз, “Жашыл БААУ” программасы
10:45 - 12:15 – ЭкоЛекторий:
10:45 – 11:05 - Альфия ХАСАНОВА (Казакстан): «Биздин тарбиябыз курчап турган айлана-чөйрөгө кандай таасир этет» веган, экоактивист, экопедагог, Izgi Tamaq долбоору ("Мээримдүү азык")
11:10 – 11:30 - Дмитрий КОРЕЦКИЙ «Жаныбарларды заманбап коргоо» Anima International Эл аралык жаныбарларды коргоо уюмунун менеджери
11:35 – 12:00 - Ярослав ТАРТЫКОВ (Кыргызстан) «Экологиялык маалыматтардын фактчекинги: ыкмалар, мисалдар» журналист, фактчекер, Factcheck.kg`нин редактору, экоизилдөөлөрдүн авторлошу, "ЭкоМиР" коомдук фондунун директору
12:00 – 12:15 – жалпы талкуу
12:00дөн 16:00гө чейин параллель түрдө:
• мастер-класстар
• Repair Café көргөзмөсү
• дармарка
• Жергиликтүү экоөндүрүүчүлөрдүн жарманкеси
• ECOFF`тон дегустация жана кулинардык өнөрлөр
• Байгелери бар экоквиз
• «акылдуу» оюндар & паззлдар & сынактар
• БААУнун китепканасынан экотемалар боюнча китептердин көргөзмөсү