24&Բ;сентября&Բ;2024
БААУда “жашыл” ай болгон октябрь айынын башталышына аз гана убакыт калды. Бул өзгөчө айда университетте экология маселелерине жана күнүмдүк жашоого “жашыл” тажрыйбаларды киргизүүгө арналган көптөгөн ар кандай окуялар өткөрүлөт: экологиялык конференциялар, дармаркалар, калдыктарды пайдаланууну жана таштандыларды сорттоону кайрадан үйрөнөбүз, бактарды тигебиз. БААУда мындай “жашыл” айлар экөө – апрель жана октябрь.
Бирок бул күндөрү экологиялык көйгөйлөргө БААУда гана көңүл бөлүшпөйт. Көптөгөн факультеттер менен кеңселер күнүмдүк ишинде мындай маселелер менен такай алектенип келишет.
Алсак, “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин студенттери окуу учурунда теориялык жана практикалык сабактарды айкалыштырышат. Жылына бир нече жолу талаа изилдөөлөрү уюуштурулуп, алардын учурунда студенттер Ала-Арча, Ысык-Көл, Соң-Көл, Чычкан жана башка бир катар аймактардын жаратылыштык системаларынын экологиялык тең салмактуулуктарын иш жүзүндө иликтешет. Мына ушул сабактардын баары келечекте курстук жана дипломдук ишке айланып, аталган аймактардагы экологиялык көйгөйлөрдү ачууга жардам берет.
Экологиялык демилгелердин жаркын мисалы болуп Түштүк магистралы жана Ала-Арча суусунун боюнда “чөнтөк” сейил багын жаратуу боюнча долбоор эсептелет. БААУнун доценти Эмиль Насритдиновдун жетекчилиги астында студенттер суу боюндагы каралбай калган аймакты ыңгайлуу эс алуу аймагына айлантышты. “Шаардагы дарыя” аталышындагы бул долбоор акупунктурдук урбанизмдин үлгүсү болуп, Silk командасы, Ачык коом университеттеринин түйүнүнүн колдоосу тарабынан жана ошондой эле “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык мекемесинин макулдугу менен ишке ашырылууда.
Быйылкы жылдын жай мезгилинде “Кыргызстандын туризм тармагында энергия жана ресурстардын эффективдүүлүгүн жайылтуу” долбоору аяктады. Долбоор төрт жыл аралыгында Европа Биримдигинин колдоосу менен Тянь-Шань аналитикалык борбору тарабынан ишке ашырылып келди. Бул саамалык инновациялык энергия жана ресурстарды сактоо чечимдерин гана эмес, ошондой эле туризм индустриясынын мекемелери үчүн керектөө жана өндүрүү ыкмаларын жайылтууга да өбөлгө түздү. Ошондой эле ал Кыргызстандын туристтик секторунда “жашыл” тажрыйбаларды колдоо үчүн жагымдуу саясий чөйрөнү жаратты. Ишмердүүлүк жүргүзгөн 4 жыл аралыгында долбоор өлкө боюнча 2700дөн ашуун чакан жана орто ишканаларга көмөк көрсөтүүгө жетишип, алардын 100ү энергия жана ресурстарды керектөөнү төмөндөтүү боюнча 500дөн ашуун чараларды киргизишти.
2018-жылы Бишкек мэриясы, Борбордук Азиядагы Америкалык университети жана Франко-Кыргыз Экотуризм ассоциациясы (AFKE) “Кара-Жыгач токойчосу” экопаркы” долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Долбоорду ишке ашыруунун 6 жылында көптөгөн иштер жасалды: бактарды кесүү, мал жаюу жана мыйзамсыз куруулар токтотулду, жүздөгөн тонна таштандылар аллып чыгарылды. Сейил бактын экосистемасы калыбына келтирилип, сейрек кездешүүчү канаттуулар менен жаныбарлар кайтып келе башташты. Жалпысынан 3500 бак-дарактар отургузулду. Сейил бактын коноктору үчүн эс алуу жайлары камдалган, отургучтар орнотулган, сейилдөө үчүн жолдор жасалган, коопсуздук үчүн көзөмөлдөө камералары бар.