山ǿ

“Эл аралык жана салыштырма саясат” факультети

“Эл аралык жана салыштырма саясат” факультети

25&Բ;июля&Բ;2024

#ICP

“Эл аралык жана салыштырма саясат” программасы саясат жана саясий окуяларга жергиликтүү, аймактык жана ааламдык деңгээлде саресеп салууга жөндөмдүү жана өз өлкөсүндөгү позитивдүү өзгөрүүлөргө көмөк көрсөтүүнү каалаган адистерди даярдоого багытталган. Бул Саясат таануу, Эл аралык мамилелелер жана Салыштырма саясат боюнча күчтүү заманбап программа.

Факультетте Кыргызстандын, Франциянын, Венгриянын, Япониянын, Швециянын, Германиянын, Улуу Британиянын жана АКШнын университеттеринде алган илимий даражалары бар жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенишет.

Курстар студенттерде ички жана тышкы саясатты, ошондой эле мамлекеттик башкарууну анализдөө методологияларын билүү жана түшүнүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Окутуучулар студенттер үчүн кызыктуу, заман талабына жана тез өзгөрүп жаткан чакырыктарга жооп бере ала турган билим берүү чөйрөсүн түзүшөт. Мунун баары студенттердин сын көз-карашта ой жүгүртүүсүнө, жазма жана оозеки формасында аналитикалык ыкмаларынын өнүгүүсүнө шарт түзөт.

Эл аралык мамилелер жана саясий илимдер боюнча базалык сабактардан тышкаркы программанын калган сабактары Борбор Азиянын саясаты, Евразиянын геосаясаты, ислам жана саясат, Эл аралык уюмдар жана башка ушул сыяктуу багыттардын кенен спектрин тартуулайт.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрү ата мекендик жана чет элдик мамлекеттик башкаруу органдарынын ар кандай түзүмдөрүндө, Эл аралык уюмдар менен изилдөөчүлүк-аналитикалык мекемелеринде иштешет. Мисалы ТИМ, БУУнун Өнүктүрүү программасы, Сорос Фонду, ЕККУ сыяктуу уюмдарда.

Бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу көп бөлүгү өз билим алуусун АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Венгриянын университеттеринин магистрдик жана доктордук программаларында улантып келишет.

Программа жөнүндө кенен маалыматты бул жерден алууга болот: . Электрондук дарек: icp@auca.kg.

Окууга тапшырууга байланышкан маселелер боюнча кайрылуулар үчүн:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028