30&Բ;мая&Բ;2024
Юнхо Жунг – Түштүк Кореядан болот, быйыл “Колдонмо геология” факультетин аяктап жатат. Анын дипломдук иши “Бишкектин тургундарынын жашоосуна таштандылардын полигонунун таасирин иликтөө үчүн аралыктан туруп зонддоо жана жердеги ыкмаларды пайдалануу” деп аталып, шаардык таштандылар полигонунун көйгөйлөрүнө арналган. Биз Юнхого өзүнүн дипломдук иши жана университетти аяктагандан кийинки пландары тууралуу сурап кайрылдык.
– Сиз эмне себептен ушул тема менен алектенүүнүн чечтиңиз?
– Жетекчим профессор Орунбаев менен бирге Кыргызстанда актуалдуу боло турган темалардын баарын иликтедик. Анан мен бишкектик таштандылар полигонун сунуштадым, ал мени колдоду. Ал кезде күйүү ачык мүнөздө болуп, аба булганып, адамдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизип жаткан. Таштандылар полигонунун анализин бир нече параметрлер боюнча жасоону чечтик. Биз алгач жер кыртышынын түзүлүшүн жана анын туруктуулугун текшердик. Андан соң полигондун аймагындагы бузулган аба менен Бишкектин башка аймактарындагы абаны салыштырдык. Ошондой эле спутниктик сүрөттөрдүн негизинде атайын GIS тиркемесин пайдалануу жана аны NDVI`ге (нормалдуу ар кандай вегетациялык индекс - өсүмдүктөрдүн абалын сандык баалоо үчүн инфракызыл жана кызыл түстүн айырмасын иликтейт) трансформациялоо менен аталган жерди келечекте пайдалануу мүмкүндүгүн билдик. Биздин иликтөөлөр полигондун аймагындагы аба шаардын башка аймактарынан бир топ эле булганганын аныктап берди. Ал эми полигон жаткан жерди келечекте пайдаланууга болбойт жана аны калыбына келтирүү үчүн көп убакыт талап кылынат.
Мындан тышкары мен Түштүк Кореяда жасалган бир мисал менен бөлүштүм. Бизде да дал ушундай абал орун алган, ал да ачык полигон болчу. Бирок бүгүнкү күндө ал маселе 100% чечилген. Полигонду кум менен жаап, балдар үчүн эс алуучу парк жасалган. Полигондун астында күйүү орун албоосу үчүн атайын түтүкчөлөр орнотулган. Ал түтүкчөлөрдөн пар түрүндө газдар да чыгып турат. Жакында “Шайтан дөңгөлөк” курушмакчы болушкан, бирок жердин жылып туруусун эске алып, мындай идеядан баш тартышты. Анткени кандайдыр-бир жаратылыш кырсыгы орун алып кетсе, мисалы жер титирөө, анда ал кыйроого учурашы толук ыктымал. Андыктан аталган дөңгөлөктү куруу иштери токтотулган.
Жалпысынан учурда Кыргызстанда таштандылар полигонун кайра иштетүү актуалдуу болуп турат. Полигон адамдардын жашоосуна жана экологияга таасир этүүсүн баары эле биле беришпейт жана билгендер өтө аз. Мен полигонго жакын жашаган адамдар менен баарлаштым. Полигонду кум менен жаап койгондон кийин аздыр-көптүр жеңил болуп калыптыр. Бирок бир нече жыл мурда тынымсыз күйүүлөрдүн жана түтүндөрдүн айынан дем алуу кыйын болуп, жада калса эч нерсе көрүнчү эмес. Ошентсе да атайын жыт сакталып калган жана ал жаан-чачын учурунда күчөйт. Полигонго ар кандай таштандылар ташталгандыктан, сасык жыт кескин мүнөзгө ээ. Жашоочулардан ушундай ыңгайсыздыктардан улам бир киши каза болуп калганын уктум. Анын ден-соолугу начар болчу экен жана полигонго жакын жашоо анын абалын ого бетер курчуткан. Полигонго жакын жашаган тургундар көйгөйдү тез арада чечип берүүнү суранышууда.
Менин билишимче, өкмөт бул маселе менен алектенип жатат. Таштандыларды кайра иштетүүчү полигонду куруу иштери башталып, анын тегерегине бак-дарактарды отургузуу иштери жасалууда. Мен чечкиндүү кадамдарга бурууну кеңеш бермекмин. Жөн гана парк куруу же кайра иштетүүчү завод менен чектелбестен, бул көйгөйдү чечүүгө комплекстүү кароо керек.
– Изилдөөлөр канча убакытка созулду?
– Бир жылга жакын убакыт кетти. Өткөн жазда биз алгачкы маектешүүлөрдү өткөрүп, салыштыруу үчүн сүрөттөрдү тартканбыз. Быйыл да жер кыртышын изилдеп, абанын сапатын салыштырдык. Анан учурда абал кандай экенин билүү үчүн видеого тарттык. Мына ушунун баары бир жылдай убакытты талап кылды.
- Кыргызстанга качан келгенсиз жана эмне үчүн БААУну тандагансыз?
– Мен бул жакка ата-энелерим менен 2005-жылы келгем, ал эми өзүм 2001-жылы туулгам. Ата-энем Кыргызстанга ишкерлик менен алектенүү үчүн келген. Бул жакта өсүп-чоңойдум, мектепти аяктап, БААУга окууга тапшырдым. Негизи Кореядагы ЖОЖдордун бирине тапшырайын дегем, бирок бул оюм ишке ашпай калды. БААУга тапшырууну атам кеңеш берген.
– Колдонмо геологияны тандооңузга эмне түрткү болду?
– Менин гуманитардык илимдерге шыгым бар жана тилдик дисциплиналарда өз күчүмдү толугу менен көрсөтө алам. Бирок мен өз күчүмдү кандайдыр-бир жаңы багытта сынап көргүм келди. Күндөрдүн биринде YouTube`дан геология жөнүндө ролик көрүп калдым. Ал менин кызыгуумду ойготту. Геологияда маанилүүсү - бул физика, химия, математика, анализ жасоо жөндөмү. А мен алардын баарын билчү эмесмин жана өзүмдүн алсыз жактарымды өнүктүргүм келди. Андыктан мен геологияга токтолуп, сынак тапшырып окууга өтүп кеттим.
– Жакынкы келечекке кандай пландарыңыз бар?
– Өзгөчө пландар деле жок, анткени мен Кореяда аскерде кызмат өтөөм керек. Бул биз үчүн милдеттүү. Андан соң геология тармагында окутуумду улантуу пландарым бар, бирок бир чечимге келе элекмин. Алгач мекенге кызмат кылып келейин, анан магистратурага тапшырмакчымын.