16&Բ;января&Բ;2013
Кесибиңизди кантип тандадыңыз?
Мектепти аяктаганымда, адистикти тандоо мүмкүкнчүлүктөрү чектелүү болчу. Бишкекте болгону жети жогорку окуу жайы болгон. Башында мен модельер, же азыр айтылгандай кийим дизайнери болгум келген. Мен бул чыгармачыл кесипке олуттуу түрдө даярданып баштагам, ар түрдүү курстарга катышкам, агаларым бардык иш-сапарлардан мода журналдарын мага алып келип турушчу. Мектептеги кыздарга бүтүрүү кечесине көйнөктөрдүн үлгүлөрүн сүрөткө тартчумун, аксессуарларды тандачумун. Бирок Кыргызстанда модельерлерди даярдаган жогорку окуу жайы жок эле. Ташкентте гана бар болчу, 7-класстан баштап ата-энеме тандаган кесибим тууралуу айтканыма карабастан, эң акыркы маалда алар ал жакка кетүүгө макулдугун беришпей, мени бул жерде окуумду талап кылышты. Ошентип, мен экономист кесибин тандадым, бул жөнүндө эч өкүнбөйм.
БААУга чейин кайда иштедиңиз эле?
Мен өз эмгектик ишмердигимди Илимдер академиясында, илимдин эң кадырдуу мекемесинде баштаганым менен жолдуу болдум, анткени ал жерде кыргыз интеллегенциясынын чыныгы өкүлдөрү иштешкен. Менин эң биринчи жетекчим Физика жана математика институтунун мүдүрү Жаныбек Жээнбаевич Жээнбаев болгон, кийинчерээк ал Илимдер академиясынын Президенти болуп дайындалган. Интеллигент адам болгон. “Бирдемени жасасаң – майын чыгара жаса” деген сөзү эсимен кетпейт. Мен андан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, конфликттүү абалдарды чечүүнү, иш боюнча кат алышууну, ар түрдүү иш-чараларды уюштурууну үйрөнгөм. Баса, мен Илимдер академиясында биздин эң сонун окутуучуларыбыз Энвер Рамазанович жана Эльмира Турсунбековна менен таашышкам.
Университетти аяктагандан кийин, аспирантурага тапшырдым. Дал ошол кезде ата-мекендик илимде “Математикалык моделдөө” деген жаңы багыт пайда болуп баштаган. Бирок, тилекке каршы менин эки жетекчим тең чет өлкөгө иштөөгө чакырылган. Ошол эле кезде мен Октябрь райондук аткаруу комитетине (азыркы акимиат) райондук статистикалык бөлүмдү жетектөөгө чакыруу алдым. Карьералык өсүү үчүн абдан ыңгайлуу сунуш болгондуктан, мен дароо макулдугумду бердим. Акматбек Касымкулович Нанаев менин жетекчим болду. Ошол учурда Октябрь районунда 165 уюм жана ишкана иштеген, мен 165 жетекчи жана коллектив менен иштөөгө мажбур болдум. Эгерде мен Жаныбек Жээнбаевичтен өз институтумдагы кызматкерлер менен иштешүүнү үйрөнсөм, Акматбек Касымкуловичтен райондук даражадагы жетекчилер жана коллективдер менен иш жүргүзүүнү үйрөндүм. Жумуш кызыктуу болчу. Бардык статистикалык жана аналитикалык маалымат “менин колуман” өтүп турган. 1989-жылы Бүткүл союздук калкты каттоо кампаниясын Октябрь районунда уюштурганым үчүн “Жигули” маркасындагы автоунаага татыктуу болдум.
Мындан кийин кайта куруу доору, жеке менчик ишкердик башталган. Агаларым менен өз жеке ишибизди баштоого чечим чыгардык. Дээрлик жоктон баштаганбыз, энтузиазм менен гана иш жүргүздүк.... Жолубуз болду, ишканалардын жетекчилери менен болгон байланыштарымдын жардамы тийди, бизнесибиз азыркы күнгө чейин жүрүп турат, аны азыр агаларымдын бирөөсү башкарат.
Ошентип, ишибизди бутка тургузгандан кийин, дагы жаңы бир нерсеге муктаж болдум. Чүй областтык администрациясынын индикативдик пландоо жана прогноздоо бөлүмүн жетектөөгө чакырылдым. Индикативдик пландоо, рыноктук мамилелерге өтүп жаткан Кыргызстан үчүн толугу менен жаңы нерсе болчу. Жетекчилердин көбү учурдагы жана салыштырылуучу баалардын айырмасын билишпей, түшүнчү да эмес. Бул көрсөткүчтөр болсо өлкө экономикасынын чыныгы абалын көрсөтүп турган. Чүй обласы республикадагы эң чоң жана “түшүмдүү” болуп саналган, анткени ИДПнын 60% берген. Мындан сырткары алтын да иштетилип турган. Жумуш аябай кызыктуу болчу, биз кирешелердин прогнозун, областтын бюджетин, тармактардын пландарын түзчүк. Ошондой эле, райондордун жетекчилерге индикативдик пландоону окутуу менин милдеттериме кирчү.
Мындай семинарлардын биринде мен өзүмдүн илимий жетекчимди жолуктуруп калдым, ал болсо “Бюджет жана салыктар” курсун студенттерге окууну сунуштады. 5 жыл өткөндөн кийин мен толугу менен окутууну жана илимий ишмердик менен алектенүүнү туура таптым. Бүгүнкү күндө менин 20 жылдык педагогикалык стажым бар, ошондой эле бир топ курстарды иштеп чыгып, алар боюнча сабак бердим. Экономиканын ар кыл тармактарында тажрыйбага ээ болгондуктан, студенттерге өз билимимди жана тажрыйбамды ыракаттанып берем. Биринчи окуган лекцияларымды эстейм – мен банк жана камсыздандыруу тармактарынын өткөөл маалдагы зарылдыгын жана маанилүүлүгүн “өтө берилип” далилдегем – лекциянын аягында мага бир нече студент келип: “Салкын Арисовна, Сиздин билимиңиз менен биздин акчаны кошолу да, банк же камсыздандыруу компаниясын ачалы” дешти. Акыры алардын бирөөсү өз банкын ачты.
Эмнеге БААУ?
БААУ жөнүндө биринчи жолу “Вечерний Бишкек” гезитинде, жаңылбасам “Борбордук Азиядагы Гарвард” (Гарвард Центральной Азии) деген макала аркылуу маалымат алдым. Дал ошол кезде карындашым мектепти бүтүрүп жаткан, мен ага дал ушул университетке тапшырууну сунуш кылдым. Ал бул сунушка макул болуп, окууга абдан ыраазы болду. Ал эми мен Чүй областтык администрациясында иштеп жатканымда БААУ менен бетме-бет жолуктум, анткени мекеменин имараты азыркы биздин имараттын чыгыш жагында жайгашкан эле. Мен БААУнун жанында анын эң биринчи күндөрүнөн тартып иштеп баштадым деп айта аламын. Университеттин кайталанбас атмосферасы, башкача таланттуу студенттерин жана кызматкерлерин көрчүмүн. Университет башында анын азыркы китепканасынын имаратында жайгашкан, андан кийин университетке администрациянын имаратынын батыш жагы, кийинчерээк чыгыш жагы да берилген. Жанымда таптакыр башкача, жаңы дүйнө сезилчү... Студенттердин бактылуу жүздөрүн көрүп, мен өзүм кайра жаш болуп, бул дүйнөнүн бөлүгү болгум келдим!
Жогоруда айтканымдай, мен бир нече жогорку окуу жайында ийгиликтүү түрдө сабак берип жүрдүм, бирок БААУ дайыма менин “көз алдымда” болуп турчу. БААУдагы вакансиялар тууралуу жарыяны көргөндө өз резюмемди жибердим. Мен ал учурда Кыргыз улуттук университеттин Аспирантура жана магистратура борборунда сабак берчүмүн, курстарымдын бирөөсү болсо “Адамдык ресурстарды башкаруу” деп аталат, мен ошондой эле бул багытта изилдөө жүргүзчүм. Бул багыт да Кыргызстан үчүн жаңы болчу, мен буга аябай кызыгып, бул тармакта иштегим келди. Кадрдык башкаруунун жаңы системасы күчтүү жана ийкемдүү корпоративдик маданиятты божомолдогон. Бул маданият жумушчу жана жумуш берүүчү арасында өз ара жоопкерчилик атмосферасын стимулдаштырууга, уюмдун бардык деңгээлдеринде демилгелер колдоого алуунун эсебинен бардык кызматкерлердин уюмду жакшыртууга умтулуусуна, туруктуу техникалык жана уюштуруу саамалыктарды киргизүүгө, көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоого алып келет. Адамдык ресурстарды башкаруу жөн гана жумушчу жалдоо процедураларынан, эмгек келишимдерин түзүүдөн жана айлык акыларды чыгаруудан жогору. Башкаруунун бул түрү – окутуу, дем берүү, сыйлык ыйгаруу, баалоо, персоналды өнүктүрүүнү колдоо сыяктуу өнүгүүгө болгон стратегиялык мамиле кылууну камтыйт. Жумушчу жалдоонун тунук процедуралары жана карьералык өсүүнүн конкреттүү мүмкүнчүлүктөрү – мунун бардыгы БААУда колдонулууда! Ошентип, мен Адамдык ресурстарды башкаруу кеңсесинин мүдүрүнүн кызмат ордуна болгон конкурска катышууну туура таптым. Эки баскычтуу маектешүүдөн ийгиликтүү өтүп, тандоо комиссиясынын чечими менен жогоруда аталган кызмат ордуна сунушталгам. Бул кызмат ордунда 5 жыл иштедим. Бул жылдардын ичинде БААУ адамдык ресурстарын башкаруу системасын түзүү максатында көптөгөн иштер аткарылды. Бүгүнкү күндө адамдык ресурстарды башкаруу кеңсеси БААУ чоң ынтымактуу үй-бүлөсүнүн жүрөгүн элестетет. Мында бардык кызматкерлер тууралуу маалыматтар сакталат. Биз университеттин эң баалуу ресурсу – адамдык ресурстун бардык ийгиликтерин, сыйлыктарын, жетишкендиктерин тууралуу билебиз! Биз дайыма кесиптештерибизди алардын ийгиликтери, өмүрүндөгү маанилүү окуялары тууралуу маалыматтандырууга кубанычта болобуз – бул биз үчүн абдан жакшы миссия!
Былтыркы жылдан баштап менин милдеттеримдин тизмеси кеңейди. Административдик маселелер боюнча ассоциацияланган вице-президент болуп дайындалдым. Кесиптештердин чоң тобу менен бирге бирдиктүү автоматташтырылган башкаруу системасын (ERPSystem) түзүү жана киргизүү боюнча иштеп жатабыз. БААУ ар дайыма болгондой эле бул багытта биринчи болуп, азырынча болсо чоң жана көп күчтү талап кылуучу иш жүрүп жатат.
БААУдагы биринчи иш күнүңүз эсиңиздеби?
Албетте, мен бул күндү абдан жакшы эстеп алгам. Күздүн ачык күнү эле. Мен Эркиндик бульвары менен жумушту көздөй басып, кыялым орундалгандыгын ойлоп бараттым. Мен БААУнун “бөлүкчөсү” болгум келген жана мен акыры ойлогонума жеттим! Кечинде, биздин 315-бөлмөдө коллектив менен тааныштым. Өзүмдүн кыска сөзүм да эсимде – “Мен үчүн БААУда, эң жакшы адамдар болгон эң мыкты университетте иштөө чоң сыймык!” деп айткам. Бүгүнкү күндө, жылдар өткөндөн кийин, окуу жылынын башындагы салттуу таанышуу кечесинде, биз жаңы окутуучуларды жана кызматкерлерди тосуп алабыз – мен аларга “БААУ үй-бүлөсүнө кош келиңиз!” деп айтамын да өзүмдүн эң биринчи иш күнүмдү эстейм, кайра кайра БААУнун мүчөсү болгонум үчүн сыймыктанамын. Тагдырга ушундай сонун университетте сонун адамдар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бергени үчүн терең ыраазымын!
Үй-бүлөңүз жана ата-энеңиз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз
Мен ынтымактуу чоң үй-бүлөдө өсүп чоңойдум. Ата-энемдин турмушун өзүм үчүн өрнөк катары көрөмүн. Ата-энем үйрөткөн эрежелер жана салтты өз үй-бүлөлөрүбүздө улантып жатабыз. Бардыгыбыз ынтымактуубуз. Бир туугандарымдын үй-бүлөсүндө балдар чогуу бир маалда удаа төрөлүп жатышат. Мисалы эркек бир туугандарымдын балдары бир жылда бир айырмасы менен төрөлүштү, алардын атын Эльгиз жана Чыңгыз деп койдук, алардан кийин эки кыз – Айсулуу жана Айганыш, кийинки балдар да бир убакта төрөлүп – аларды Бекбатыр жана Бексултан деп атадык. Мына азыр неберелерибиз да удаа төрөлүп жатышат. Балдарыбыз чогуу өсүшөт. Жайкы каникулдарда биз балдарыбызды жумалап көрбөй да калабыз, бир жолу келиниме чалып: “Биздин бала силердикиндеби?” деп сурасам, ал: “Жок ал биздин бала менен ортончу аганыкына кетишти” деп жооп берди. Ушундай учурлар бизде боло берет. Майрамдарда бир столго батпай калдык. Үй-бүлөбүз аябай ынтымактуу!
Кайсы тарыхый инсандар сизди кызыктырат жана анын себеби эмнеде?
Тарыхты абдан жакшы көрөм, көптөгөн тарыхый инсандар мага кызыктуу. Бул тема башка интервью үчүн булак боло алат. Мага дайыма өзгөчө инсандар жагат. Алардын бир нечеси жөнүндө айтып берейин:
Сүймөнкул Чокморов – биздин эң таланттуу мекендешибиз, сүрөтчү жана актёр. Эрте өтүп кеткени өкүнүчтүү, бирок биздин искусстводо жана тарыхта терең из калтырып кетти. Мен анын тасмаларын көрүп өстүм. “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынан үзүндүнү эстесек, бул эпизоддо мекенге кайтып келген кишилердин көл менен жылуу учурашып жатканын, колдорун жууп жатканы керемет көрүнүш. Коштоп жаткан обон да аябай жагымдуу. Бул эпизодду ТВда көбүрөөк көрсөтүшсө жакшы болмок деп ойлойм – биз улуу көлүбүзгө көбүрөөк этияттык менен мамиле кылабыз.
Курманжан Датка – назик, бирок акылман айым. Аны эң кубаттуу эркектер да сыйлашкан!
Эд Деминг – АКШ жараны, япондорго бутуна турууга жардам берген. Сапатты жакшыртуу үчүн статистикалык ыкмаларды иштеп чыкканда 49 жашта болчу, ошол кезде ал кесибин алмаштырып салган! Анын ыкмалары япондорду кызыктырып, өз мекендештеринин көңүлүнө жакпай койгон. 1950-жылы ал япон менеджерлерге сапаттуу өндүрүш боюнча сабак берип баштайт. Император Хирохито аны Япониянын жогорку ордени менен сыйлаган. Япон эли Эд Демингге япон өндүрүшүнүн кайра жаралышы жана анын дүйнөлүк ийгилиги үчүн абдан милдеттүү болгонун баса белгилеп айткан. Эң кызыктуусу да, Эд Деминг Японияда атак-даңкка жеткенден кийин АКШда отуз жылдан кийин гана таанымал болду. 1980-жылы америкалыктар “Эгер Япониянын колунан келсе, эмнеге биздикинен келбейт?” аттуу документалдык тасманы көрүп, бул киши жөнүндө маалымат алышты. Тасмада Япониянын жана АКШнын өнөр жай өндүрүштөрү салыштырылган. Эмне үчүн анын доктринасы Японияда кабыл алынып, АКШда кабыл алынбай калды? Демингдин айтымы боюнча, япондор аларда экономикалык жана өнөр жай кризиси болгонун билишкен, америкалыктар болсо бул жөнүндө ойлонушкан да эмес. 1990-жылы АКШ дүйнөдө соодалык жана бюджеттик дефицит боюнча эң ири береселүү мамлекетке айланып, байыган япондорго карыз болушту. Деминг: “Сапат компаниянын башкаруусунун эң жогорку кабинетинде түптөлөт, бирок жаңылоолорго ишкананын бардык кызматкерлери катышуусу керек. Менеджерлер сапат үчүн жоопкерчилик тартыш керек, башкарганды билиш керек. Жөн гана буйрук берүү жетиштүү эмес. Ар бир жумушчу өзгөрүүлөргө өз салымын кошуп, компаниянын өнүгүүсү үчүн көмөк көрсөтүүсү талап кылынат. Компания кызматкерлеринин билим алуусуна өбөлгө түзүп берүүсү зарыл – жумушчу канчалык билимдүү болсо – ал ошончолук компанияга пайдалуу болот!”.
Клеопатра – бул айым 18 жашта болгондо эле Мысыр (Египет) тактына ханыша болуп отурган. Билимдүү болуп, 8 тилде сүйлөгөн, тарых, философия, дипломатия, ошондой эле деңиз салгылашууларынын тактикасын билип, диний бийликтин сый-урматына татыктуу болгон. Анын аракеттеринен улам Мысыр мамлекети күч кубатка толуп, таасирдүүлүгү жайылып, Рим менен теңтайлаш болуп калган. Ал илимге көңүл бурган биринчи жетекчилерден болгон. Анын бийлиги учурунда атактуу Александриялык китепкана курулган. Александриядагы чоң өрт учурунда эң биринчи китепкананы куткаруу буйругун берген.
Наполеон – карапайым үй-бүлөдөн, элет жеринен чыккан жаш жигит император болгон. Анын мемуарларында “мүмкүн эмес” деген сөздү жок кылышына буйрук берген. Бул сөздүн таасири жаман, муну менен жашоонун маңызы жок деп айткан... Бул адам укмуштуу харизмага ээ болчу. Наполеон Ыйык Елена аралына сүргүнгө жөнөтүлүп жатканда аны көп адам коштогусу келген. Бирок британдыктар тобокелге салгылары келбей, буга уруксат беришкен жок – алар Наполеондун кол башчылык сыйкырчылыгынан коркушкан, бир нече кишиден күжүрмөн топту түзгөнгө жөндөмдүү деп ойлошкон. Орус падышасынын өкүлү жазгандай: “...француздар Наполеонду көргөндө буттары калтырап калат, эгер ага кызмат кылып калышса өздөрүн бактылуу деп эсептешет. Англиялыктар болсо ага ырай кылуу ой-пикири менен гана жакын басып келишет. Ал түгүл аны кайтарган күзөтчүлөр да анын көз карашынын астында болгулары келип турат, андан бир сөз болсо да уккулары келет. Ага эч ким теңтайлаша албайт”.
Сиздин эң жакшы көргөн жазуучулурыңыз?
Лев Толстой, Антон Чехов, Фёдор Достоевский, Чыңгыз Айтматов жана башка классиктер. Биздин муун бул классиканы окуп чоңойду.
Замандаш жазуучулардан Татьяна Улицкаянын чыгармачылыгы жагат. Анын аңгемелери турмуштан алынган. Аңгемесинен бир үзүндү: “Төрт лекцияны шаардын үч бурчунда окудум, андан кийин дүкөнгө бардым, упузун болгон кезекти күттүм, жык толгон маршруткага тыгылып кирдим, батирге чейин улам оордоп бараткан баштыкты алып келдим, эптеп эшиктин ачкычын таптым, үйгө кирдим. Акыркы күчүм менен кире бериштеги отургучка отурдум, өтүгүмдү чечтим, бутумду узаттым, демимди чыгарсам эле...... жолдошумдун: “Мага бирөө бүгүн тамак береби, ыя?” – деген кыйкырыгын уктум......”
Сизге өмүрүңүздө кандай эң пайдалуу кеңеш берилди эле?
Жогоруда айтканымдай, мен чоң турмушка эрте кадам таштадым. Өмүрүмдө жалаң жакшы кишилерге жолукканым үчүн өзүмдү жолдуу деп эсептейм. Алар мага кеңештерин беришчү жана дагы эле берип турушат. Бул кеңештер азыркы учурда менин принциптериме айланды:
Биринчиси: “Бир нерсени жасасаң, майын чыгара жаса”.
Экинчиси: “Ар дайыма адам бойдон кал”. Буга байланыштуу учкул сөз бар: “Бүгүнкү күндө биз куштардай учканды, балыктардай сүзгөндү үйрөндүк, эми адамдардай жашаганды үйрөнөлү”.
Үчүнчүсү: “Өзүңө көңүлүңө жаккан жана ырахат алып келген иш тап”. Мен мындай жумушту БААУда таптым.
Жашооңуздагы эң сонун, эң маанилүү белек
Жашоомдогу эң маанилүү белек – биздин балдар, биздин туягыбыз, мураскорлорубуз. Теңирге бул керемет үчүн терең ыраазымын!
Эң жакшы көргөн түстөрүңүз
Мен ар түрдүүлүктү жакшы көрөм андыктан менде тандоо мүмкүнчүлүгү керек, ошондуктан менин жакшы көргөн түстөрүм болуп ак жана бирюза түсү эсептелет.
Кайсы ашкананы жакшы көрөсүз?
Кылдаттык менен жасалган тамак-аштарды артык көрөм. Сөзсүз түрдө кооздолгон, жакшы идиш-аякка салынышы керек. Атам үйрөткөндөй, даамдуу тамакты даярдоо жетиштүү эмес, аны жакшылап сунганды да билиш керек! Балык, козу карын, демделген жемиштер, мөмөлөрдү аябай жакшы көрөм. Эт сунулуп жатканда тышылдап турса сонун болот, бирок сууга бышырлган этти артык көрө албайм.
Хоббиңиз эмне?
Китеп окуу жана саякаттар. Далай Лама айткандай: “Жыл сайын өзүңүз үчүн жаңы жерди жаңы өлкө, шаар, суу, токойду ачуу адатын алыңыз”....
Бош убактыңызда эмне кыласыз?
Китеп көп окуйм, жакшы көргөн фильмдерди көрөм, жаратылышка чыгам, кандайдыр бир кооз жерлерге кечке суктанып, кыялданам. Кийинчерээк сүрөт тартып, китеп жазып баштаймын го – турмуш кызыктуу нерсе – кыялдануудан башка сыйкырдуу жана күчтүү нерсе жок!
Жашоодо бардык нерсени кылып көрүш керек деп айтылат. Сиз эч качан кылбай турган нерсе барбы?
Албетте көптөгөн нерселерди жасап көргүм келет. Жаш кезде кайрттуу болчук, “болсо болду, болбосо жок” деп коюп ойго келген нерселерди кыла берчүк, жылдар өткөн сайын “серепчи” статусунда болуп калат экенбиз. Суу астында сүзгөн кишилерге суктанам. Тереңдикте абдан кооз деп айтышат. Суунун түбүндө, суунун калың катмарынын астында абдан жаркын жана чоң дүйнө бар, бул абдан кызыктуу! Мен буга кызыкканым менен баары бир мындан корком.
Жаңы Жылды үй-бүлөңүз менен кантип тососуз?
Жаңы Жыл үй-бүлөбүздүн эң жакшы көргөн майрамы. Чоң энебиз биз менен жашаганы үчүн, туугандарыбыздын бардыгы биздикине келишет, бирок адамдардын саны жыл сайын чоңойгон сайын бир нече жылдан бери майрамды ресторанда музыка, бий, лотерея менен майрамдап калдык. Өткөн жылы биздин лотереялык билеттерибиздин дээрлик бардыгы жеңиштүү болуп чыкты. Тиричилик техникабыздын бардыгын жаңылап алдык десек да болот. Чоң энебиз болсо кечедеги эң улуу катышуучу болгондуктан атайын байгеге татыктуу болду. Майрам шаңдуу өткөн.
Жаңы Жылды тосууда үйүңүздө жасалган салттуу тамак кайсы?
Биздин үй-бүлөдө духовкага бышкан тоок же өрдөктү жакшы көрүшөт. Ар түрлүү жаңы салаттарды жасайбыз.
Маектин соңунда кесиптештерге карата каалоо-тилек, кеңештериңизди айтыңыз
Урматтуу кесиптештерим, сизге чың ден-соолук, үй-бүлөңүздө тынчтык жана эсенчилик болушун тилейм! Көбүрөөк белек алыңыз, биз чоңдор да балдар да белектерди алганды абдан жакшы көрөбүз го!
Өзүңүзгө жана жакындарыңызга көбүрөөк убакыт бөлүңүз! Жакын адамдар биздин эң баалуу ээлигибиз!
Жылуу сөздөрдү айтуудан эч тартынбаңыз!
Үйдөн чыгарда эч качан урушпаңыз! Эгер урушуп кетсеңиз – элдешпей туруп ажырашып кетпеңиз.
Өмүрүңүздү эртеңкиге же өзгөчө абалга калтырбаңыз! Өмүрүңүздүн ар бир мүнөтүн баалаңыз! Турмуш-тиричилик жашообуздун көп убактын алып коёт, муну жеңилдетүү үчүн кудай жалгап, бүгүнкү күндө техникалык каражаттар жетиштүү.
Урматтуу кесиптештерим, бар болгонуңуз үчүн чоң рахмат! Ден-соолуктуу болуңуз! Бай болуңуз!
Кудай буйруса, келаткан Жаңы Жылды жаңы кампуста тособуз! Урматтуу президентибиз Эндрю Вахтель мырзага чың ден-соолук, ийгилик жана сабыр тилеп коёлу!
Сүйүктүү университетибиз гүлдөп, өркүндөп өсө берсин!