24&Բ;июня&Բ;2016
Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясы (ЖМА) бир жылдык интенсивдүү университетке даярдоочу бир жылдык окуу программасын сунуш кылат. Окуу программанын негизин англис, орус жана кыргыз тилдери курстары жана математика сабагы түзүшөт. Окуудан тышкары академиянын студенттери БААУнун студенттик клубдары менен бирге (шахмат, дебат, театр), ар түрдүү семинарларга, лекцияларга катыша алышат.
Сынакка баардык орто билим берүү окуу жайларынын (техникум, колледж ж.б.) жана орто мектептердин быйылкы бүтүрүүчүлөрү катышууга чакырылат. Быйыл Кыргызстандын баардык аймактарынан конкурстун негизинде орто билим берүү окуу жайларын ийгиликтүү аяктаган 30 бүтүрүүчү Жаңы муун академиясында билим алууга мүмкүнчүлүк алат.
Стипендиялык программа студенттердин төмөнкү чыгымдарын каржылайт:
ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү окуу программанын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу официалдуу сертификатка ээ болушат.
2. ЖМАнын стипендиясына кимдер тапшыра алат? Тандоо талаптары:
3. ЖМАнын стипендиясына кантип тапшырууга болот?
I баскыч: ЖМАнын стипендиясына тапшырууда атайын форманы жана талап кылынган керектүү документтерди тапшыруу:
Жарым финалисттер англис тилинен тест жазышат жана маектешүүгө катышуусу зарыл. Тест жана маектешүү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.
Маанилүү: Сынактын уюштуруучулар жарым финалга өткөн катышуучуларга гана телефон аркылуу финалга өткөнүн маалымдашат.
ЖМАнын стипендиясынын керектүү документтери жөнүндө толук маалыматты ЖМАнын сайтындан тапсаңыздар болот.
II баскыч: Англис тилден тестирлөө жана ЖМАнын өкүлдөрү менен маектешүү:
4. Маанилүү даталар:
5. ЖМАнын стипендиясынын атайын толтуруучу формасын кайсыл жерден алууга болот?
ЖМАнын стипендиясынын атайын формасын биздин электрондук баракчадан жана ЖМАнын БААУдагы кеңсесинен алууга болот.
6. Документтерди кайда жиберүү керек?
Эскертүү: Көрсөтүлгөн дарек боюнча толтурулган форманы жана баардык талап кылынган документтердин топтомун жибериңиз же алып келип бериңиз:
Бишкек шаары, Кыргызстан
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, №420 кабинет
Жаңы муун академиясы
Борбор Азиядагы Америка университети
7. Байланыш үчүн маалымат
Электрондук баракча:
Электрондук дарек: nga@auca.kg
Тел.: + 996 (554) 55-09-39/ +996 (312) 91 50 00 (кошумча: 486,485)
Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!