15&Բ;декабря&Բ;2014
“Келечек” кыргыз тил клубу жана Кыргыз тил департаменти залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө, чыгармачылык ишмердигине арналган, калем устасынын туулган күнүнө – 12-декабрга дал келген Чыңгыз Айтматов Жумалыгын уюштурушту.
Декабрь айынын 8нен 12сине чейин БААУ студенттери Чыңгыз Төрөкуловичтин туулган күнүн белгилөөгө арналган иш-чара жана программалар топтомун көрөрмандардын сынагына сунушту. Бул Жумалыктын максаты катары студенттердин жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө билимин көбөйтүү, чыгармаларына кызыгууну жаратуу, кыргыз жана дүйнөлүк адабиятка кошкон чоң салымын урматтоо көрсөтүлгөн. Жумалыктын алкагында бир нече иш-чара уюштурулган, алардын катарында Айтматовдун өмүрү жана чыгармаларына арналган сүрөт көргөзмөсү, студенттер арасында мелдеш, “Эрте жазда келген турналар” тасмасын көрсөтүү, адабий-обондук кече жана Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын сахна усталары койгон “12 күн” спектакли болгон.
Иш-чаралар программасы төмөндөгүлөрдү камтыган:
Дүйшөмбү – БААУ “Браво” фойесинде Айтматовдун чыгармаларына арналган көргөзмө;
Шейшемби – Жазуучунун чыгармачылыгына жана өмүрүнө арналган кече;
Шаршемби – “Эрте жазда келген турналар” фильминин көрсөтүлүшү;
Бейшемби – Чыгармачыл кече – БААУ жана башка жогорку окуу жайлардын студенттери арасында “Айтматов, анын чыгармачылыгы жана кыргыз тил” темасында талкуу жүргүзүү;
Жума - Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын сахна усталары койгон “12 күн” спектакли.
“12 күн” сахна оюнун Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын актёрлору кыргыз тилинде БААУ сахнасында аткарган. Көптөгөн студенттер, алардын ичинде чет өлкөлүктөр оюнду көрүп ыракат алышты. “Бул окуя шаарда жашаган кыргыз үй-бүлөсү жөнүндө айтып берет. Күндөрдүн биринде бул үй-бүлө Ысык-Көлгө барып, эс алууну пландаштырат. Бирок үйдүн атасы жолго эки гана билет таап калат. Ата-эне кызын эмне кыларын билбей, акыры атанын эжеси менен калтырайлы деп чечишет. Бирок бул жерде бир маселе пайда болот. Кыз кыргызча сүйлөбөйт эле, ал эми эжеси орусча түшүнчү эмес. Бул окуя абдан күлкүлүү, бирок ошол эле учурда көрөрмандарды эне тили абдан маанилүү экендигин белгилейт” – деп Антропология факультетинин студенти Самат Дурусбеков билдирди.
Биз ошондой эле “Келечек” кыргыз тил клубунун мүчөлөрү, Социология факультетинин төртүнчү курстагы студенттери Аида Тынычбекова жана Айымбүбү Жапаркулова, иш-чаранын негизги демилгечилери менен маектештик. Биз алардан бул иш-чараны эмне үчүн уюштургандыгын сурадык.
“Чыңгыз Айтматов Жумалыгы “Келечек” кыргыз тил клубу жана Кыргыз тил департаменти тарабынан уюштурулган. Жумалык залкар жазуучунун туулган күнүнө арналган. Биздин клуб Айтматов кыргыздын (Борбордук Азияда да, дүйнөдө да) эң атактуу жазуучусу болгондуктан, кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошкондуктан бул иш-чараны өткөрөйүн деп чечкен. Муну өткөрүү менен улуу жазуучунун ишине сый-урмат билдирип, анын адабий чыгармачылыгынын маанилүүлүгүн белгиледик. Анын чыгармалары бүткүл Кыргызстанда белгилүү, алар адамгерчилик, дүйнөлүк жарандык ой-пикирлерин жайылтат”.
Айтматовдун кайсы чыгармасын эң жакшы көрөсүңөр?
Аида: Дээрлик бардыгын, бирок эң жакшы көргөндөрүм – “Ак кеме” жана “Жамийла”. Бул чыгармалар ички дүйнөм менен байланышкан. БААУ “Биринчи Жыл Семинары” сабагында студенттер Жамийла жөнүндө аңгемени окушат. Бул аңгемеде кыргыз элинин каада-салты, маданияты, жана ошол эле учурда махабат жөнүндө да айтылып берилет. А түгүл Франциянын Луи Арагон аттуу жазуучусу “Жамийла” сүйүүнү даңазалаган эң мыкты чыгармасы болгонун белгилеген.
Бул чыгармалардын бардыгы кыргыз жана орус тилдеринде жазылган. Айтматовдун эмгектери дүйнөнүн 165 тилине которулган. Анын китептери чындыгында абдан кызыктуу, аларды каалаган учурда окуу мүмкүн. Кайсы гана жыл болбосун окуялардагы темалар дайыма актуалдуу болуп келет.
Айымбүбү: Мага бардыгынан “Биринчи мугалим” жагат. Бул чыгарма кыргыз эли үчүн советтик мезгилде билим канчалык чоң мааниге ээ болгону жөнүндө айтып берет. Аңгеме балдардын мектепке барып, билим алышы үчүн жүрөгү менен күйгөнү, башкы каарман Алтынайдын элдин ой жүгүртүүсүн өзгөрткүсү келгени жөнүндө баяндайт. Айтматовдун дагы бир чыгармасы – “Саманчынын жолу” – энелер менен уулдары арасындагы мамилелер жөнүндө. Ошондой эле бул чыгарма Улуу Ата-Мекендик Согуш уулдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, өзгөчө энелерине болгон мамилесин кантип өзгөрткөндүгү тууралуу да айтып берет.
Кайсы улуттардын өкүлдөрү клубуңарга мүчө?
Чет өлкөлөрдөн келген студенттер биздин клубду көп билишпейт, бирок буга чейин Америкалык жана Афганистандык эки студент бизге мүчөлүк кылган.
Эмне үчүн Айтматов ушунчалык чоң атак-даңкка ээ?
Айымбүбү: Чыгармаларынын көпчүлүгү чыныгы окуялардын негизинде жазылган. Андай болбосо да, ойдон чыгарылган окуялар окурманды өзүнө баш оту менен тартып алат. Анын чыгармалары аягын дайыма бактылуу кылып бүтүргөн жазуучулардыкы сыяктуу катардагылардан эмес. Чыгармаларынын көбү муңдуу, кайгылуу окуяларды камтыйт.
Аида: Кошумча катары Айтматов Кыргыз Республикасынын Элчиси болуп иштегенин, саясий жол башчылык кылганын да белгилөө зарыл. Анын башкалардан катуу айырмаланган өзүнүн жазуучулук стили болгон.
Дагы эмнелерди кошо аласыз?
Айымбүбү: Чыңгыз Төрөкулович укмуштуу киши болгон. Ал дайыма адамгерчиликке жана сабырдуулукка чакырган. Мыкты үй-бүлөдө өсүп, мыкты балдарын өстүрдү. Карындашы Роза Айтматова – академик. Уулу Эльдар Айтматов – Чыңгыз Айтматов Фондунун ишин башкарат. Фонд жаш жазуучуларды колдоо ишин жүргүзөт. Кызы – Ширин Айтматова Жогорку Кеңеште “Ата-Мекен” партиясынан депутат катары иштейт.
Аида: Жазуучунун бир гезитке берген маегин окудум эле. Анда ал үч нерсени: машина айдаганды, компьютерде жазганды жана англис тилин үйрөнө албагандыгы үчүн абдан өкүнгөнүн айткан.
Эң сүйүктүү учкул сөзү: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу”.