11&Բ;сентября&Բ;2014
Сентябрь айынын 24нөн 26сына чейин Бишкекте ПЕН-клубдун 80-Конгресси өткөрүлөт. Адабият форумунда Борбордук Азиядагы Америкалык университеттеги “Алтын отургуч” адабият клубу тарабынан сунушталган жаш жазуучу Касим Базиль Кыргызстандын атынан чыгат. Мындай ири чоңдуктагы иш-чара Кыргызстанда гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Өлкөбүз үчүн мындай салтанаттуу иш-чарага ээлик кылуу чоң сыймык.
Эл аралык ПЕН-клуб 1921-жылы Лондондо жазуучу Джон Голсуори тарабынан негизделип, дүйнөдөгү жазуучулардын эң атактуу бирикмесине айланган. ПЕН-клубдун Уставы төмөндөгүнү айтат: “Адабият чек араны билбейт, ал эч кандай саясий төңкөрүш же мамлекеттер аралык кагылышууларга карабастан элдер арасында баарлашуу каражаты бойдон калыш керек. Кандай гана кырдаал болбосун, өзгөчө согуш учурунда көркөм өнөр чыгармалары, кеңири маанидеги маданий мурас улуттук же саясий дымактан азап чекпеш керек”.
Эл аралык конгрессти Кыргызстанда өткөрүү демилгеси ПЕН уюмунун Бишкектеги кеңсесинен чыккан. Бирок, даярдык учурунда Кыргызстандын атынан чыга турган эч бир өкүл жок экени маалым болду. Ошондо уюштуруучулар Николай Григорьевич Шульгинге, Борбордук Азиядагы Америкалык университеттеги студенттер менен байланыштар бөлүмүнүн жетекчисине жана “Алтын отургуч” адабият клубунун негиздөөчүсүнө кайрылышты.
Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин ичинде он жылдан ашуун убакыттан бери “Алтын отургуч” адабият клубу ишин алып бара жатат.
“Клубдардын ар түркүнү болот” – дейт Николай Григорьевич. “Талаш-тартыш, ызы-чуусу көп, мисалы дебат клубу бар. А биздики тынч, адабий клуб. Анын бир нече гана мүчөсү бар. Биз жыл сайын адабий сынак жарыялайбыз. Биздин кеңсебиз бул сынакты өткөрүшөт. Мүмкүн болушунча БААУ студенттерин да бул ишке тартабыз, бирок алдын ала алардын бул сынакка катышпаарын, жыйынтыктарга эч кандай таасир тийгизе албаарын тастыктап алабыз. Алар муну жүрөгүнөн, өз ыктыяры менен кылыш керек.
Иштин бардыгы университеттин ичинде башталган. Биз студенттер арасында мелдеш жарыялаганбыз. Дароо ошол замат бул дүйнөдө жана БААУда жаза алгандар абдан эле аз экенин байкадык. Китеп чыгаралы деген ой бар болчу, ал түгүл акчалай каражаттар да даяр эле, бирок аны басып чыгаруу үчүн окууга жараган, окуганда токтогуң келбеген жакшы адабий материалдар табылбай калды.
10 жылдан бери Кыргызстанда жаштар үчүн бир дагы адабий сынак уюштурулган эмес, бирөө дагы! Мамлекет, жазуучулар бирикмеси муну аткарган жок. Биздин кеңсе гана бул ишти аткарды. Мамлекеттин мындай конкурстарды өткөрүүгө каражаты жок. Биз бул конкурсту акчасыз эле өткөрөбүз, же кээде сырттан демөөрчүлөрдү табабыз, же эл аралык уюмдарды көмөктөшүүгө чакырабыз. Каражаттар такыр калбай калганда өз чөнтөгүбүздөн да чыгарчыбыз.
Биз ар түрдүү чай-пай ичүүлөрдү уюштурбайбыз, столдун үстүнө чыгып, ыр ырдабайбыз, прозалык чыгармаларды окубайбыз. Биз адабиятка башка жактан, чыгармачыл тараптан мамиле кылабыз. Бардыгы окуй алат, а биздикилер жазышат.
Биздин жазуучулар – адабияттын балдарындай. Эрте жазып баштаган жазуучулар чанда гана жолугат. Кичине балдар ыр жаттап айтып бергенди үйрөнгөндө, аларды элдин бардыгы уксун деп отургучка чыгарышат. Биздин алтын отургуч дагы жазуучубуз жогорураак турсун, элге угулсун деген максатка арналган. Китептин бир урааны да муну айтат: бийик тур, отургучка чык. Биз жаштарга жазып баштасын дейбиз. Таланттуу жаштарга чыгармалары басылыш үчүн мүмкүнчүлүк бериш керек. Начар жазса дагы, кагаз бетинде жазган тамгаларын көрө алышсын. Бул сынакка катышуу чоң тажрыйба, жазуучуларга дем берет.
ПЕН-клуб кыргыз жазуучуларын бул сынакка катышуусу үчүн өкүлдү сунуштоону өтүндү. Биз китептерди талдап чыгып, 6 жазуучуну тандап алдык. Буларды кароого койдук. Эндрю Вахтель, Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин жетекчиси бул чыгармаларды англис тилине которду” – деп Николай Григорьевич белгиледи.
“Өлкөдөгү адабияттын абалына баа берүү мен үчүн татаал, себеби мен жазылгандардын сапатын сыноо үчүн кыргыз тилин жакшы өздөштүрө элекмин. Бир нерсе даана байкалып турат, өлкөдө адабият, өзгөчө заманбап адабият дээрлик көрүнбөйт. Визуалдык искусство жана дизайн үчүн көптөгөн нерселер бар, бирок жаш жазуучулардын жолугушууларын жөн гана көрбөй элемин. Словенияда 95-96-жылдары бир жылча жашап, ал жерде жазуучулар бирикмеси жазуучулукка чоң көңүл бурат. Конкурстар, фестивалдар уюштурулат, чыгармалар которулат. Бизге кошуна имаратта турган жазуучулар бирикмеси бир нерсе кылганын байкабай элемин. Мындайча жазуучулук – бул жөн гана хобби, бир нече адам чакан кадыр-барк үчүн, эч кандай акысы жок эле иштейт. Улутту куруу ишинин нугунда, Кыргызстандын өкмөтү кыргыз тилинде жогорку сапаттуу адабияттын чыгышы үчүн көп иш аткарышы керек.
Албетте адаттан тышкары нерселер да бар. Николай Шульгин жыл саын жаш жазуучулардын чыгармалары чогултат, акыркы 5 жылдан бери бул ишти аркалап келе жатат. “Жаңы үндөр” конкурсуна лауреат катары тандалган бардык жазуучулар (ПЕН-клубдун 80-жылдыгынын алкагында) бул конкурстун жеңүүчүлөрү болушту, демек алардын эмгеги жогорку сапаттуу деп таанылды. Мен которо алган чыгармалардын сапаты да жетишерлик даражада жогору болгонун айта алам. Өзгөчө проза мыкты абалда. Ошондой эле мен калыстар менен да макулмун. Касим Базилдин аңгемеси абдан терең. Бул аңгеме оңой тил менен, жеңил стилде жазылган. Ал адамдардын башкалардан бир нерсе күткөнүн, чындыгында өздөрү ошону жасай алышарын көрсөткөн.
БААУ адабият клубу сыяктуу бирикмелер адабиятка кызыккан студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Тажрыйба алмаша алышат, калыс сын-пикирди угушат, өз окурмандарын табышат. Ушундай топтордун көбүрөөк болушун каалаар элем. Элге таанылсын. Эл аралык ПЕН клубу бул максатты көздөйт” – деп, БААУ президенти Эндрю Вахтель билдирди.
Касим Базиль – өз атын жашырып жүрөт. “Жаңы үндөр” номинациясындагы финалист. ПЕН-клубга мүчө болгуча Касим бир нече жолу “Алтын отургуч” клубунун алкагында чыгармаларын бастырган. 7 жылдан бери жазуучулук ишин аркалап келет, а өзү кесиби боюнча экономист. Касим өзүнүн чыныгы жүзүн катуу жашырып жүрөт, эч качан өз атын жана сүрөтүн көрсөтпөйт.
“Бул мен үчүн абдан күтүлбөгөн окуя болду, себеби мен өзүмдүн адабий ишмердигиме ирония менен мамиле кылам. Бул сыяктуу жарыштарга дайыма чыгармачылыктын таптакыр башкача даражасы керек болот деп ойлоп жүргөм. Албетте, бул чыгарманын ийгилиги 99 пайызга котормочуга көз каранды болду. Мен бул аңгемени орус тилинде окудум, ишенесизби, көрсө котормочулук иши да абдан оор экенин түшүндүм. Бул аңгеме 5 жыл мурун жазылган. Мен анда коомдо болуп жаткан тенденциялардан абдан кабатырланып жаткам. Менин интернет блогум бар эле, тексттердин көбү социалдык-саясий маселелердин айланасында жүргөн. “Шумдук беш” – менин өзүмдүн керемет жөнүндөгү кыялдарыма сокку болду. Бир күнү ак ниеттүү, жакшы бир адам келип, бардыгын жөнгө салат деген ишенимиме сокку урулду. Адам жазып отуруп, мурда жашырын болуп турган жоопту тапкан учур болот. Мен да бул абалга кабыл болдум – жазуумду жазып отуруп, жарк этип илхам пайда болду. Менин жалпы адабий түшүнүктөгү бир дагы чыгармам жок деп эсептейм. Менин чыгармачылыгым азил, тамаша, эссе, юморескаларга жакын. Чакан проза – мына бул талаада мен өзүмдү эркин алып жүрөм.
Касим Базилдин чыгармасынан үзүндү:
“Виноградная көчөсүндөгү Гена Чоң-Арыктагы биринчи жана акыркы буддист, ал бул бешөө будданын эманациясы деп ишенип жүргөн. Эманация деген эмне экенин деле билбейбиз, бирок ичибизден жакшы эмес бир нерсе го деп сезгенбиз. “Алар архат сымал монахтар алардын жашоосу карманы тазалоо жана саторинин жакындоосу” деп ал бизге айтар эле. Бул жерде мындан да татаал болуп кетти. Кайдагы “архат”, “карма”, “сатори” сөздөрүн билбейт элек, ошондуктан оюбузду өзүбүз аягына чыгарып жаттык. “Архат” десе аркар жөнүндө айтып жатат го деп, көз алдыбызга мүйүздүү, кашка баш, түшүнүксүз бир затты элестетип отурдук. “Эшектер, эшексиңер силер, суунун боюнд жолуктурганда алардын мондосун угуп, Амитабхаре Чоң-Арыкта кайра жаралганын түшүнөсүңөр” – деп жинденип айткан. Бул сүйлөгөндөрүн түшүнсөкчү, азыркыга чейин билбейбиз, жаңы сөздөр абдан эле көп.
“ПЕН-клуб таасири күчтүү уюм. Аны эч бир саясий топ колдобойт деп айтылат. Мен үчүн бул чоң сыймык. Мен ойлоп тапкан сынак эч кимге кереги деле жок эле. Бул нерсеге, маданий факторго эч ким жеткиликтүү баа берген жок. Маданият бардык нерсенин башында турат. Маданият менен адам инсан катары калыптанат.
ПЕН-клуб биздин жазуучулардан жийиркенген жок. Аларды четке таштап койгон жок. Биз буга абдан ыраазыбыз. Биз бул чыгарманы ачып, кээ бир жерлеринде оңдоп түзөөлөрдү аткардык. Мен жазуучу эмнени айткысы келгенин түшүнүп турам. ПЕН-клуб, биздин университет, бул конкурс жана “Алтын отургуч” клубу аркылуу Кыргызстанды эл аралык форумда көрсөтө турган кишини тапты” – деп Николай Григорьевич сөзүн жыйынтыктады.