10&Բ;июля&Բ;2014
Антропологиялык практика Нарын шаарында өткөрүлдү: байыркы кишинин дене сөөгү жана кубанычтын көз жаштары
Ар бир киши үчүн өткөн мезгил маанилүү. Ар бир киши адамзат кантип пайда болгон, качантан бери жашап келе жатат деген суроолордун өмүрүндө жок дегенде бир жолу сураган болуш керек. Азыркы учурда бул суроолорго берилген жооптордун эки түрү бар. Кээ бир кишилер жоопторду динден, кээ бирлери илим, археология аркылуу издегенге аракет кылат. Агата Кристи археологдорду өткөн мезгилдин детективдери деп айтканы бекеринен эмес. Сиз ал менен макул болот болушуңуз керек, анткени так изилдөөлөр жана чыныгы фактылар гана биздин суроолорго жоопторду таап бергенге жардам берет.
Дал ушул эрежелер боюнча биздин антропология факультетибиз иш жүргүзөт, башкача айтканда студенттер өздөрү тажрыйбалык түрдө бардыгын изилдеп, антропологиялык изилдөөлөргө катышып, өткөн мезгилдин түздөн түз күбөсү болушу зарыл. Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхый изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө салым кошууга берилген мүмкүнчүлүк үчүн БААУ Президенти Эндрю Вахтель мырзага жана антропология департаментине ыраазычылык билдиребиз.
10-июндан 24-июнга чейин антропология факультетинде окуган биринчи курстун студенттери Нарын шаарында биринчи жолу унутулгус археологиялык практикага катышты. Бул казуулардан кийин facebook менен twitter оңой эле бузулуп калмак.... Себеби практиканттар бүгүнкү күнгө чейин казууларда тарткан сүрөттөрүн, комментарийлерин көп жарыкка чыгарып жатышат. Бирок бардыгы өз жайында калды – дүйнөлүк тармактар ишин улантты. Практика 100 %га, ал түгүл 200 %га аткарылганын айкын айта алабыз. Практика учурунда археологияда гана эмес, Нарын шаарынын калкынын социалдык турмушунда да табылгаларды таба алдык.
Биз Нарынга барганда тоодо, чатырларда, суу, газ жок жашайбыз деп ойлогонбуз. Бирок бизди электр энергиясы, суусу болгон абдан жайлуу үй күтүп туруптур. Бизди эки жума бою кабыл алган үй-бүлө катуу сыйлады. Бул кең пейил үй-бүлө футбол боюнча дүйнөлүк мелдеш башталганда да, алардын үйүндө телевизордон футболдун түз берүүлөрүн көргөнгө да уруксат берди.
Биз күн сайын талаада иштедик. Биз изилдеп жаткан эстеликтин аты Айгыржал-2 болчу. Бул эстелик Нарын шаарынын батыш тарабында, Ак-Кыя аттуу жерде, Нарын дарыясынын сол жээгинде орун алган. Чыгыштан батышка созулган, узундугу болжол менен 280, кеңдиги 79 метрди түзгөн, жарым-жартылай эолдук (шамал жеп салган) жана аллювийдик (кум, шагылдын шилендилери) калдык болуп саналат.
3-4 студент 3 тилкеде иштеди. Топторго бөлүнүп иштегенибиз өз алдынчалыкка жана жоопкерчиликке үйрөттү, андыктан жетекчибиз Абдыканова Аида эжейибизге чоң ыраазычылык билдиребиз. Ал бизди археологиялык иштин бардык баскычтарын үйрөтүп, эч кимдин жардамысыз кемтиксиздикке умтулуу үчүн дайыма үгүттөп турду.
Күнүгө кечинде талаа иштеринен кийин лекциялар өткөрүлдү. Лекцияларда биз өз жерлерибизде кылган иштер тууралуу кеп кылдык. Бардыгыбыз табылга табууну каалагандыктан, жер казуу иштери көңүлүбүздө чоң из калтырды. 50-60 см тереңдиктеги катмардын астынан көмүр тапканыбызда жыргаганыбызга таң калсаңар керек. Мындай олжолорду тапканда биз дүйнөдөгү эң бактылуу адамдарга айланганбыз. Албетте, ар бирибиздин адамдардын калдыктарын тапкысы келген, бирок ошол учурда ушундай табылгалар да бизди абдан кубандырган, себеби органикалык калдыктар дагы изилдөө үчүн чоң мааниге ээ.
Катуу кааласаң тоолор да ордунан жылып кетет деген сөз бекеринен айтылбаса керек. 19-июнда биздин кыялыбыз орундалды: area 2 тилкесинде адамдын дене сөөгү табылган. Биздин практика боюнча эң чоң жана маанилүү табылга эле. Сөөктүн жанында охра (сары же кызыл түстөгү минерал боёк) тактары калган таштардын табылышы дагы тарыхый баалуулукка ээ болгон.
Эми адамдын дене сөөгү кайсы мезгилге таандык болгонун аныктоо гана калган. Балким бул киши мезолит доорунда жашагандыр. Бирок биз радиокөмүртек анализдердин жыйынтыктарын алмайынча конкреттүү эч нерсени айта албайбыз. Адамдын жашын аныктай алдык. Бул сөөктөр эркек жынысындагы, 30 жаштагы, европеоид расасында кишиге таандык болгон. Сөөктөрдүн жанында көптөгөн пластиналар жаткан, алар балким бычак катары колдонулгандыр.
Биз жер казып эле жүрдүк деп ойлобогула. Бизде Нарын шаары жана анын тургундары жөнүндө да көбүрөөк маалымат билгенге убактыбыз көп болду. Нарындыктар абдан меймандос, колу ачык, ак көңүл эл экен. Албетте башында бизге кичине таң калып карап жатышты, анткени Ак-Кыя жери чоң эмес, элдин бардыгы бири бирин жакшы тааныйт. Жаңы келген кишилер, коноктор жөнүндө дароо эле билип алышат. Бирок жергиликтүү калк бизге жакшы мамиле кылды. Элдин аздыгы бизди өзгөчө таң калтырды. Нарында Бишкектегидей түн жарымда көчөдө басып жүргөндөрдү көрө албайсың.
Биз Нарын облусунда көптөгөн тарыхый эстеликтерди көрө алдык. Аламышыкты, жанындагы тоолордо чоң үңкүрлөрү табылган Кара-Суу шаркыратмасын, Кошой-Коргонду, албетте, Таш-Рабатты көрүп келдик. Ал эми жуманын аягында бардыгыбыз чогуу күрүч басып, боорсок бышырдык. Бул практикалык иш-сапарыбыз биздин эсибизден эч качан кетпес, ойноп, жыргап, аман-эсен кайтып келдик.
Практика учурунда ар бирибиз өзүндө жаңы сапаттарды, таланттарды өнүктүрө алды. Биз археологиядагы практикалык билимди алуу менен гана калбай, бири бирибизди жана курсташтарыбызды жакшы тааный алдык. Эң башкысы – биздин антропологиялык үй-бүлөбүздүн ынтымагы дагы бекемдеди.