БААУнун КИРҮҮСЫНАКТАРЫНА КАТТАЛУУ
Борбордук Азиядагы Америка университети БААУнун Бишкектеги кабыл алуу сынагынан өтүүнү сунуштайт. Бул БААУга тапшыруу үчүн гана жарактуу жана башка мекемеге кабыл алынууга пайдаланылбайт.БААУнун кабыл алуу сынагы 3 болуктон турат: англис тилинен тестирлоо, дил баян жана математика.
Кабыл алуу сынагына катталуу үчүн, студенттер Кабыл алуу бөлүмүнө төмөнкү документтерди кабыл алуу сынагын тапшырардан 3 күндөн кеч эмес мөөнөттө бериши керек:
• катышуучунунун катталуу формасы (Кабыл алуу бөлүмүнөн алсаңыз болот, G20)
• Паспорттун түп нускасы менен көчүрмөсү (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ким экендигин тастыктоочу, сүрөттүү документ)
• түстүү 1 сүрөт 3 х 4 см (ак фон)
• БААУнун кабыл алуу сынагынын акысы 1000 кыргыз сому (же АКШнын 15 доллары)
ӨТӨ МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!
• Кабыл алуу сынагына ар бир талапкер жеке катталышы керек
• Кабыл алуу бөлүмү ар бир тест жазуучуну жеке ырастоосу керек
• Ар бир тапшыруучу катталуу формасын толтуруп, 3 х 4 см көлөмүндөгү 1 сүрөт тапшыруусу керек
• Ар бир тапшырууучу сынактын каттоо номерин алат
• Кабыл алуу сынагына каттоо аны өткөрүү мөөнөтүнөнөн 3 күн мурун же, орундар толгон болсо, андан эрте аяктайт
• Сынак тапшырар күнү сынак тапшыруучулар жеке документтери менен гана кире алат (тестке паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен келүү керек)